Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Депутаттардын улахол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясынын
2022-жылдын 23-ноябры № 110
Муниципалдык менчиктеги имарат жайгашкан жерди бөлүү жөнүндө
Кара-Талаа айылындагы муниципалдык менчиктеги имарат жайгашкан жерди экиге бөлүп пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча айыл өкмөттүн башчысы М.Бейшеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Талаа айылындагы Р. Ажыбаева №24 дарегинде жайгашкан 2-04-09-1002-0799 иден. Коду менен катталган, муниципалдык менчиктеги жер участогун экиге бөлүүгө жана административдик имараттын пайдалануу багыты машыгуу жана гимнастика борбору болуп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Кара-Талаа айылындагы муниципалдык менчиктеги жер участогун экиге бөлүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси К.Соконовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн башчысы М.Бейшеевге жүктөлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага: |
| А.Жолалиев |