Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2004-жылдын 23-февралы N 91
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин так бөлүштүрүү, иштин сапатын жакшыртуу, ошондой эле жоопкерчиликтерин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин тиркелген Типтүү кызматтык нускамалары бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин бекитилген Типтүү кызматтык нускамаларынын негизинде айыл өкмөтүнүн аппаратынын функционалдык милдеттерди бөлүштүрүүнүн түзүлүп калган практикасын, кадрдын потенциалын эске алуу менен айылдардын жана поселкалардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын иштеп чыгуу жана жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитүү сунуш кылынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондук өнүктүрүү иштери боюнча министрине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Н.Танаев |