Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IX сессиясынын
2022-жылдын 10-августу № 27
Жылалды айыл өкмөтүнүн айылдарында жашоочу атуулдарга жеке менчик үй куруу үчүн түзүлгөн ген планды бекитүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IX сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомунун негизине таянып, Жылалды айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун мамлекеттик менчиктеги жеринен, Оштогу долбоорлоо институту (КНИИП) тарабынан жеке менчик турак жай үй куруу үчүн 40,0 га жер аянтына жасалган ген планды бекитип берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке менчик турак жай үй куруу үчүн Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда жайгашкан төмөнкү контурдагы Оштогу долбоорлоо институту (КНИИП) тарабынан жеке менчик турак жай үй куруу үчүн 40,0 га жер аянтына жасалган ген план бекитилсин.
Алар төмөндөгүлөр:
1. Жылалды айылы боюнча жалпы-13,42 га жер тилкеси.
№415 контурдан-3,43 га (тутовник),
№425 контурдан-2,19 га (жайыт),
№427 контурдан-2,55 га (кайрак айдоо),
№428 контурдан-1,35 га (жайыт),
№430 контурдан-1,0 га (кайрак айдоо),
№437 контурдан-1,60 га (кайрак айдоо),
№438 контурдан-1,30 га (кайрак айдоо).
2. Бото-Мойнок айылы боюнча жалпы-9,0 га жер тилкеси.
№99 контурдан-9,0 га (чөп чабынды).
3. Кальта айылы боюнча жалпы-14,38 га жер тилкеси.
№267 контурдан-14,38 га (кайрак айдоо),
4. Прогресс айылы боюнча жалпы-3,20 га жер тилкеси.
№709 контурдан-1,50 га (тутовник),
№565 контурдан-1,0 га (тутовник),
№572-а контурдан 0,70 га (жайыт).
2. Суралсын Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда жайгашкан жогорудагы контурдагы Оштогу долбоорлоо институту (КНИИП) тарабынан жеке менчик турак жай үй куруу үчүн 40,0 га жер аянтына жасалган ген планды бекитип берүү жагы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттк агенттигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан жана Өзгөн райондук архитектура жана шаар куруу боюнча башкармалыгынан аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминде уруксат берүү документтерди даярдар берүү жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Акназаров |