Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) кезектеги 8 -сессиясы
2022-жылдын 18-февралы № 8/19
Кызыл-Кыя шаарынын 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маселе шаардык кенештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын февраль айындагы №19-протоколу менен каралып, такталгандыгын эске алып,Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын кенешинин сессиясында 2020-жылга бюджетин кирешелери жана чыгашалары боюнча контролдук суммасы 139868,3 мин сом өлчөмүндө бекитилген. Ал эми киреше бөлүгүнүн аткарылышы 127694,1 мин сом, чыгаша бөлүгү 127682,3 мин сом өлчөмүндө аткарылгандыгы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Ж.Калматов |