Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылышы) XI сессиясы
2022-жылдын 18-марты № 40
Сүлүктү шаарынын 2022-2026 –жылдарга чейинки социалдык – экономикалык өнүгүү Программасын бекитүү жөнүндө
Сүлүктү шаарынын мэри М.Кадыркуловдун Сүлүктү шаарынын 2022-2026 –жылдарга чейинки социалдык – экономикалык өнүгүү программасы менен таанышып, талкуулап 20.10.2021ж. №123 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2 пункту, 48-беренесинин 1- пунктунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын 2022-2026 –жылдарга чейинки социалдык – экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин (программа тиркелет)
2. Сүлүктү шаарынын мэри М.Кадыркуловго:
Сүлүктү шаарынын 2022-2026 –жылдарга чейинки социалдык – экономикалык өнүгүү программасына ылайык стратегиялык иш-чараларынын аткарылышын камсыз кылуу;
-Кадр маселелерин учурдун талаптарына ылайык жүргүзүлүүсүн камсыз кылуу;
-Көмүр өнөр-жайын өнүктүрүү, экономикалык көрсөткүчтөрду жогорулатуу, жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүну жалпы координациялоо жана көзөмөлдөө;
- инвестиция, таза суу, жол, тарнспорт, коммуникация маселелерин өз убагында чечүүнү камсыз кылуу;
- Билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, каада салт, спорт, калкты жумуш менен камсыз кылуу багытындагы иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу;
- 2022-жылдын жыйынтыгы менен шаардык кеӊешке бекитилген программанын аткарылышы боюнча маалымат берилишин камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сүлүктү шаарынын мэри М.Кадыркуловго, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча, өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык, экология боюнча, социалдык маселелер, билим беруу, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мадаминов |