Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылышы) XI сессиясы
2022-жылдын 18-марты № 40
Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 2021-жылга аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы С.Калакуловдун Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 2021-жылга аткарган иштери боюнча маалыматын жана шаардык кеӊештин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап 20.10.2021ж. №123 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2 пунктунун, 15.03. 2002-ж. N 37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19 беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы С.Калакуловдун Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 2021-жылга аткарган иштери боюнча маалыматы кабыл алынсын
2. Сүлүктү шаарынын мэри М.Кадыркуловго жана Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы С.Калакуловго милдеттендирилсин:
- Муниципалдык менчик объекттеринин реестрин жүргүзүү
- шаардын жерлерин жана муниципалдык менчиктин объекттерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- Ижарага берилген жер тилкелеринин ижара акыларын төлөбөгөн мекеме ишканалар боюнча мыйзам чегинде чараларды көрүү;
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
| К.Мадаминов |