Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылышы) XI сессиясы
2022-жылдын 18-марты № 42
Сүлүктү шаарынын Товарная көчөсүндөгү жайгашкан «Бакай» жеке менчик имаратын сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 2022-жылдын 14-мартындагы №01-12/02-231 чыгыш сандуу Сүлүктү шаарынын 2022-жылдын сметасындагы шаардык мэриянын алдындагы мунципалдык менчик бөлүмүнүн 3111 статьясындагы 7370,0 (жети миллион үч жүз жетимиш миӊ ) сом акча каражатынын 6,0 млн 300,0 (алты миллион үч жүз миӊ) сомуна Товарная көчөсүндөгү жайгашкан «Бакай» жеке менчик имаратын сатып алууга макулдук берүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап 20.10.2021ж. №123 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сүлүктү шаарынын 2022-жылдын сметасындагы шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 3111 беренесинен 6,0 млн 300,0 (алты миллион үч жүз миӊ) сом акча каражатына Товарная көчөсүндөгү жайгашкан «Бакай» жеке менчик имаратын сатып алууга макулдук берилсин
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
| К.Мадаминов |