Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылышы) XI сессиясы
2022-жылдын 18-марты № 43
“Сүлүктү шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү сыйлыктарына сунуштоо боюнча комиссиянын, шаардык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алып, “Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү сыйлыктарын ыйгаруу боюнча Жобосунун” талаптарына ылайык Сүлүктү шаардык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Билим берүү тармагындагы көп жылдан берки үзүрлүү эмгеги, жаштарга билим, таалим тарбия берүүдөгү жараткан эмгектери жана ийгиликтери ошондой эле маданият тармагында сиӊирген эмгеги, жаштарга руханий жана маданий баалуулуктарды жайылтуудагы зор салымдары үчүн төмөнкүлөргө “Сүлүктү шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын
1. Мадаминов Гапыр Маматкулович- Кыргыз Республикасына эмгек сиӊирген мугалим, педогогика илимдеринин кандидаты
2. Тургунбаев Бабаравшан Тургунбаевич – Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер, обончу, ырчы композитор
3. “Ардактуу атуул” наамын тапшырууну уюштуруу жагы шаардык кеӊештин аппаратына милдеттендирилсин .
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мадаминов |