Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылышы) XI сессиясы
2022-жылдын 18-марты № 44
Сүлүктү шаарынын аймагында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү жөнүндөгү Жобосун бекитүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 2022-жылдын 15- мартындагы 01-12/03-233 чыгыш сандагы Сүлүктү шаарынын аймагында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү жөнүндөгү Жобосун бекитип берүү жөнүндөгу каты боюнча шаардык кеӊештин социалдык маселелер, билим беруу, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгына ылайык 20.10.2021ж. №123 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2 пунктунун жана 39-беренесинин 5 пунктунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 16-июлундагы №101 токтому менен бекитилген “Сүлүктү шаарынын аймагындагы өткөрүлүүчү каада салттар жөнүндөгү Жобосу жокко чыгарылсын
2. Сүлүктү шаарынын аймагында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү жөнүндөгү Жобосу бекитилсин №1 тиркеме
3. Сүлүктү шаарында “Үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча” аймактык комиссиялардын курамдары бекитилсин №2 тиркеме
4. Жобону массалык маалымат каражатында жарыялоо жагы “Шахтер жолу “ гезитинин редактору К.Шамшиевага милдеттендирилсин
5. Жобонун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө Сүлүктү шаарынын мэри М.Кадыркуловго милдеттендирилсин
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык маселелер, билим беруу, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Мадаминов | |
|
|
| |
|
| Сүлүктү шаардык кеӊешинин ХI сессиясынын 18.03. 2022ж. № 44 токтомуна №1 тиркеме | |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Сүлүктү шаарынын аймагында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү жөнүндөгү
ЖОБОсу
I. Жалпы бөлүк
1.1. Акыркы жылдары көрүлүп жаткан аракеттерге карабастан, Сүлүктү шаарынын аймагында ар кандай үй-бүлөлүк салттарды, маркумду эскерүү урп-адаттарын жана башка иш-чараларды өткөрүүдө текебердик, өзүн эл алдында көрсөтүүгө умтулуу, башка адамдын социалдык абалын тенсинбөө, ашыкча ысырапкерчилик, элдин каада-салттарын сактабоо сыяктуу терс көрүнүштөр бар. Калк маркумду жерге коюууда, маркумду эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүдө жана ар кандай үй-бүлөлүк иш-чараларда негизсиз чыгашаларга дуушар болууда. Курулай бедел күтүү, жок каада-салттарды сактоо үчүн адамдын материалдык мүмкүнчүлүгүнө ылайык келбеген көп сандагы адамдар чакырылат. Натыйжада тамак-аш көп жасалып, көптөгөн мал союлуп, акча каражаттары ашыкча чыгымдалат. Мындай ашыкча чыгымдар үй-бүлөлүк бюджетке зыян келтирет жана калктын жашоо денгээлине терс таасирин тийгизет. Көптөгөн жарандар каражатты карызга, кредитке алат жана аны төлөө үчүн мигрант болуп, иштегени кетишет. Сүлүктү шаарынын жарандары үй-бүлөлүк жана башка иш-чараларды өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жана ири акча каражаттарын чыгымдабастан, өткөрүшү зарыл. Мындай учурда интелегенциянын өкүлдөрү жарандарга үлгү болууга тийиш. Азыркы учурда коомдо руханий маданият, социалдык адилеттүүлүктү турукташтыруу, өзгөчө жаштар арасында мындай маселеге аяр мамиле кылууну калыптандырууда катуу тартипке келтирүү талап кылынууда. Андыктан, кошуналары жана туугандарынын алдында сын-пикирге кабылбоо, коомчулуктун басымында калбоонун мүмкүнчүлүгү катары жана ири акча каражатты сарптабастан, көп сандаган малды сойбостон, башка ысырапкерчиликке жол бербестен өткөрүү үчүн Жобо иштелип чыкты.
Мындай ыксыз чыгымдарга мыйзам чегинде бөгөт коюу, ага каршы күрөшүү шаар тургундарынын ар биринин милдети болуу керек деген сунуш-пикирлер ар кайсы жамааттардан келип түшүүдө, ал эми бул маселени шаар мыйзамына киргизүү менен жалпы коомчулук тарабынан жөнгө салуу максатында ушул Жобону кабыл алуу сунуш кылынат.
1.2. Куру намыстуулукка, ашыкча чыгымдуулукка каршы күрөшүү жамааттардын ар бир мүчөсүнүн милдети болуу керек. Эл арасындагы тойлорду, белгилүү күндөрдү, кечелерди өткөрүү жана маркумду акыркы сапарга узатуу, аларды эскерүүгө байланыштуу каада-салттар Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругунун негизинде жана Сүлүктү шаардык кеңештин сессиясында атайын комиссия тарабынан даярдалып коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарында, коомдук уюмдарында, аксакалдар, аялдар, жаштар уюмдарында талкууга алынгандан кийин шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы менен шаардык каада-салтарды жөнгө салуу боюнча комиссиясында бирге каралгандан кийин шаардык кеңештин сессиясында бекитилет жана ушул Жобонун негизинде жүргүзүлүүгө тийиш.
1.3. Шаардын жашоочуларынын социалдык, маданий жана күндөлүк турмушун жакшыртууга карата кабыл алынган укуктук ченемдик актылары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Мыйзамдарына, Президенттин Указдарына, Өкмөттүн жана шаардык кеӊештин чечимдерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жамаатынын Уставына карама-каршы келбесе шаардын аймагындагы атуулдар, мекеме ишканалар менчигинин түрүнө карабастан, аткарууга милдеттүү.
Бул Жобонун максаты: Сүлүктү шаарынын жарандарынын социалдык жана экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана коомдун руханий абалына терс таасирин тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукту болтурбоо эсептелинет.
2. Тойлорду, кечелерди жана мааракелерди, өткөрүү жөнүндө
2.1. Шаардын тургундары тойлорду, белгилүү күндөрдү жана кечелерди өткөрүү боюнча сунуштарын, ой-пикирлерин коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчыларына жана каада салт боюнча комиссияларга 10-15 күн мурун билдирүүсү керек. Ал билдирүүгө сөзсүз төмөнкүдөй маалыматтар болууга тийиш:
- өтүлө турган мааракени өткөрүү күнү, сааты, өткөрүүчү жайы;
- Тойго, кечеге кетүүчү жалпычыгымдын саны (сом менен);
- Мааракеге союлуучужандыктардын түрү, саны;
- Музыканттардын, ырчылардын, бийчилердин жалпы саны;
- Тойдун, кеченин жана белгилүү күндөрдүн Жобонун негизинде өтүлүшүнө жекече жоопкерчиликти мойнуга алган адамдын А.А.А. иштеген жери;
- Той, кече, белгилүү күндөр өтүүчү көчөдө коомдук тартипти камсыз кылуучу милициянын аймактык тескөөчүсүнүн, элдин ыктыярдуу кошундар тобунун жетекчисинин А.А.А. иштеген жери.
2.2. Коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарында өткөрүлгөн той, кече, маарекелерди өткөрүү боюнча атайын комиссия түзүлөт жана анын башчысы шайланат.
2.3. Коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчылары, мааракелерди өткөрүү боюнча атайын комиссия той, кече ж.б. мааракелерди өткөрүү жөнүндөгү түшкөн сунуштардын, Жобонун негизинде ишке ашырылышын камсыз кылып, шаардык мэрияга айына бир жолу билдирүү жасайт.
2.4. Коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчылары, мааракелерди өткөрүү боюнча атайын комиссия, милициянын аймактык тескөөчүсү жана той мааракенин ээси мааракелерди Жобого ылайык өтүлүшүнө жооп берет.
3. Тойлорду, кечелерди жана мааракелерди өткөрүүнүн тартиби
3.1. Той, кече, коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчылары, каада-салтарды жөнгө салуу боюнча комиссия менен макулдашып белгиленген күнү макулдашылган шарт боюнча өткөрүлөт;
Кечелерди өткөрүүнүн убактысы кыш күндөрү 16-00дон - 21-00 чейин, жаз күндөрү 17-00дон - 22-00 чейин. Кыз той, Сүннөт той, Жээнтек той, Бешик той саат 16-00гө чейин өткөрүлсүн;
3.2. Тойлор, кечелер, ишке, чарбалык жумуштарга тоскоол болбогон күндөрү той, кеченин ээлерине макул болгон күндөрү өткөрүлсүн;
3.3 Үйлөнүү кечелери улуттук каада-салтка ылайык той болгон күнү өткөрүлөт;
3.4. Мааракелерге чакырылган адамдардын саны маараке өткөргөн адамдын эн жакын тууган-туушкандары болушу шарт;
3.5 Тойлордо атайын үйлөрдө конок берүүнү токтотуп той өткөрүлгөн жерде сый тамагын уюштуруу;
3.6 Эки жаштын нике тууралуу күбөлүгү жаштардын каалоосу менен жергиликтүү ЖААК бөлүмүндө же үйлөнүү кечеси өткөрүлгөн жайда тапшырылат;
3.7 Баш кошкон жаштарга нике окуу шарыяттын жол жобосу менен өткөрүлөт;
3.6. Тойлорду, кечелерди өткөрүүдө коомдук тартипти сактоо, тойго келген меймандардын унааларын коё турган жерин аныктоо, унаалардын жоголуп кетишине жол бербөө, тойдон кийин узатуу, той ээсине жана каада-салтты жөнгө салуу боюнча атайын комиссиянын бир мүчөсүнө жана ыктыярдуу кошундун мүчөсүнө жүктөлөт;
3.7. Той, кече өткөрүлүүчү жайлар, коомдук транспорттор, адамдар, балдар өтүүчү жолдорго жакын болбоосу зарыл. Андай мүмкүнчүлүк болбосо мамлекеттик автомобиль инспекциясы менен макулдашып, атайын белгилер көрсөтмөлөр коюлуп өткөрүлөт;
3.8 Той, кече өткөрүлүүчү жайлар өрт коопсуздугунун эрежелерине жооп бере тургандыгы алдын ала текшерүүлөрдүн негизинде эгер кемчиликтер болсо, ал кемчиликтер четтетилет;
3.9. Жол коопсуздугун сактоо максатында автомашиналар жана айдоочулар МАИнин кызматкерлери тарабынан текшерилип андан кийин уруксат берилиши зарыл;
3.10 Той, кечелер улуттун калыптанган нукура каада-салтынын, үрп адаттарынын негизинде өткөрүлүшү сунушталат;
3.11. Тойлор спирттик ичимдиксиз өткөрүлсүн;
5.14. Той, кече өтүп жаткан мезгилде чыр-чатактарды чыгарууга, ар кандай талаш-тартыштарды баштоого жол берилбесин.
4. Той, кечелерге жана мааракелерге сарпталуучу чыгымдар жөнүндө.
4.1. Азыркы экономикалык шарттарды, элдин турмуш деңгээлин эске алып, шаардын аймагында өткөрүлүүчү бардык тойлорго, кечелерге ашыкча чыгым жумшоого тыюу салынат.(чон севет жасабоо, ашыкча сарпай кийгизбөө, ЗАГС күнү кыздын үйүнө кирбөө, күйөө балдардын бут кийимин катпоо, ата көрдүгө барбоо, күйөө түшүрдүнү болтурбоо)
4.2. Меймандарга берилүүчү тамак-аштар, түркүн жер-жемиштер, суусундук, ичимдиктер санитардык жактан таза болушу зарыл;
4.3. Өткөрүлүүчү той-кечелерде улуттук бозо, кымыз жана ар түрдүү суусундуктарды коюуга уруксат берилет.
5. Той, кечелерди жана мааракелерди өткөрүүдөгү чектөөлөр.
5.1. Үйлөнүү тоюнда ЗАГСка чыгуучу жеңил автоунаалардын санын 3 төн ашырбоо;
5.2. Мектеп жашындагы балдардын ЗАГСка барышын жана кечелерде саат 19-00 кийин болуусун токтотуу;
5.3. Кулуккабарганадамдардынсанын 20дан ашырбоо;
5.4.Кызга берилүүчү «Калын» 60 000(алтымыш миң) сомдон ашырбоо, 2 тай пахта 4 кой, дастаркон акчасына 15 000 сом (күрүч, нан, май, сабиз, конфет);
5.5. «Чөмүч кармады» мааракесине кызтараптан 4 киши, уултараптын жакын туугандарынын катышуусунда өткөрүү. «Чөмүч кармадыда» материал жоолуктарды таркатууну токтотуу;
5.6. Үйлөнүү тойлорунда куда-кудагыйдан башкаларга сарпай кийгизүүнү токтотуу, кудагый көрдү, күйөөкөрдүнү токтотуу, тойго катышуучулардын саны 150-200гө чейин болуусу керек;
5.7. Хадим акчаны мечиттин имамыдан жана хадим окуган молдодон башкасына берүүнү токтотуу;
5.8. Нике окутуу мечиттердин расмий имамдарына гана берилсин, 18 жашка жете элек кыздарга жана ажырашкандар болсо «Талагын» ала элек– келиндерге нике окууга тыюу салынсын;
5.9. «Келин түшүрдү» акча талап кылынбасын; (эки жоолук берүү)
5.10. Үйлөнүп жаткан эки жаштын «Сүйүүтарыхын» (Lovestory) видео тасмага тартып көрсөтүүнү жана атайын ырчыларды жалдап «Жар-Жар» айттыруу токтотулсун;
5.11. Тамак-аштарды ашыкча сарптоого жол бербөө. Кудаларга берилүүчү тамактын саны 2 ден ашпасын:
5.12. Тойго келген конокторго жоолук, калпак таркатуу, кешик берүү (пакет) токтотулсун. Адия алып келгендерге конок жанасыйберүү токтотлсун;
5.13. Кыз узатуу тоюу, кудайы кафеде өткөрүлбөсүн (кыздын ата-энесин үйүндө өткөрүлсүн);
5.14.«Жүк бузду» үчүн күйөө бала тараптан акча талап кылынбасын;
5.15.«Күйөө түшүрдү» каадасы токтотулсун;
5.16. Сарпай куда-кудагыйга гана бир жолудан берилсин;
5.17.Кыздын досторуна тойдо окшош кийинүү токтотулсун;
5.18.Тойго жасалган дастаркон ашыкча ысырапкерчиликсиз жасалсын;
5.19. «Кудагый көрдү» кыздынэнесине гана жасалсын;
5.20. 18 жашка жете элек кыздарды турмушка узатууга жол берилбесин;
5.21. Кыз чыгарып жаткан үйдө күйөө балдарды сыйлоо, паяндос жана килем төшөп түшүрүп алууну, машинасына төшөк салуу ашыкча каадалар токтотулсун;
5.22 «Сыргасалды» аземи токтотулсун;
5.23. «Сурпасалды», токтотулсун;
5.24 «Улактартыш», «Күрөш» ж.б.спорттук оюндарына ашыкча чыгым кылбай чеги менен өткөрүлсүн;
5.25.«Байбичекөтөрдү», «Пенсия той» өткөрүү токтотулсун;
5.26. «Ажы» той, «Жээнтек» той өткөрүү жакын туугандары үчүн гана үйүндө өткөрүлсүн;
5.27. Бешик тойдо (балага гана сарпай берилсин) эки тарап туугандар бири-бирине сарпай берүүгө чек коюлсун;
5.29. Өзбек элинин тоюнда “Кечки конок” өткөрүүнү токтотулсун;
5.28. Тойлор спирттик ичимдиксиз өткөрүлсүн.
Маркумду акыркы сапарга узатуу (тажия) жана аларды эскерүү боюнча ырым-жырымдарды өткөрүүнүн тартиби
5.31. Маркумду акыркы сапарга узатуу (тажия) аларды эскерүүгө байланыштуу мааракелерди уюштуруучулук иштерин жүргүзүү коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчыларынын той, кече ж.б. маарекелерди өткөрүү боюнча комиссиялардын негизги иш-аракеттеринин бири болуп саналат.
5.32. Маркумду акыркы сапарга узатуу элдердин улуттук диндик өзгөчөлүктөрүн эске алынып ушул жобонун негизинде жүргүзүлөт.
5.33. Маркумду акыркы сапарга узатуунун жол жоболорун маркумдун урук-туугандарына, куда-сөөктөрүнө, дос-жарларына карым-катнаш адамдарына кабарлоо, аларды тосууну, жайгаштыруу кайра узатууну уюштуруу, тажия күнүн белгилөө. Маркумдун жайыны каздыруу өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчылары, каада-салттарды жөнгө салуу боюнча комиссиялары мечиттин имамдары менен биргеликте аныкталып уюштурулат.
5.34. Маркумду акыркы сапарга узатууда ашыкча ыксыз чыгымдардын болушуна жол бербөө зарыл, тажия болгон үйдө жалпы элге үч күнгө чейин аш берүү, акча таратып жыртыш кылууга тыюу салынат.
5.35. Маркумду акыркы сапарга узатууга шаардын аймагынан тышкары келген меймандарга колу коңшунун үйүндө чай, тамак берүү жагы сунуш кылынат;
5.36. Маркумдун үй-бүлөсү кыркын өткөрүү күнү 1 мал союп, андан ашык чыгым жумшоого жол берилбейт. (52 күндүк, жылдык, пейшембилик жок кылынсын, маркум өткөндө анын кыркы же кудайысы тойканада өткөрүлбөсүн, нан алынбасын)
5.37. Маркумду акыркы сапарга узатуу убагында спирттик ичимдик ичүүгө тыюу салынат.
5.38. Жободо көрсөтүлгөндөн ашыкча чыгым жумшалган үй ээси коомчулукта талкууга алынып, аксакалдар соту аркылуу тартипке чакырылат.
5.39. Шаардын аймагындагы мүрзөлөрдү тазалоо, тартипке келтирүү жагы коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчыларынан, мечиттердин имамдарынан талап кылынат.
5.40. Маркумдун сөөгү чыккан күнү ал жерге жакын туугандардан башка аялдар барбасын.
5.41. Маркум чыккан үйдөн нан, таберик мата таркатуу токтотулсун, жыртыш таратылбасын.
5.42. Дастаркон (мал, акча) алып келген адамдарга сый тартуулар токтотулсун.
5.43.Маркум чыккан үйгө мата алып барылбасын, колдон келсе акчалай жардамдар берилсин.
5.44. Каза болгон кишилердин жакындары кудайыны биригишип бир жерде өткөрүшсүн.
8.45. Кудайыны өткөргөн жерден нан алуу токтотулсун.
5.46.Пейшембиликтер, ысчыгаруу токтотулсун «Ак кийди» өткөрүү жакын туугандары үчүн гана өткөрүлсүн)
5.47. Маркумдун жылдыгын өткөрүү туугандарынын макулдашуусу менен өткөрүлсүн.
6. Тойлорду, кечелерди Жобонун негизинде өткөрүлүшүн камсыз кылуучу өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчыларынын, каада салттарды жөнгө салуу боюнча аймактык комиссиялардын укугу жана милдеттери
6.1. Тойлордун, кечелердин жана мааракелердин белгиленген тартипте Жобонун негизинде тынч өтүүсүн уюштуруу.
6.2. Тойлорду, кечелерди тартиптүү, маданияттуу, жогорку уюшкандыкта ыр-күү, оюн-зоок, бийлердин коштоосунда көңүлдүү өткөрүлүшүнө иш-чараларды жүргүзүү.
6.3. Тойлорду, кечелерди өткөрүүдө ушул Жобонун айрым пункттарынын бузулушуна жол берип жаткан той, кечелердин ээсине эскертүүгө, кемчиликти дароо четтетүүнү талап кылуу.
6.4. Той өткөрүү өз жакындары менен өткөрүлсүн, чакырылган туугандарынын саны 100-150 дөн ашпасын жана 1 мал союлсун;
6.5. Той, кече өткөрүлгөн учурларда, коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылуу.
6.6. Жобону одоно бузган инсандарга мыйзам ченеминде тийиштүү чара көрүү үчүн каада салт боюнча шаардык комиссияга, аксакалдар сотторуна, коомдук алдын алуу борборуна билдирүү берилсин;
6.7.Той, кече өткөндөн кийин анын жакшы жактарын, кеткен кемчиликтерин анализдеп Сүлүктү шаарынын каада-салттарды жөнгө салуу боюнча коммиссиясына жана айына бир жолу айдын 5-числосуна чейин Сүлүктү шаарынын мэриясына билдирүү берилсин.
7. Каада салт боюнча Жобонун талаптарын бузган той, кече ээлеринин, коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчыларынын, каада-салттарды жөнгө салуу боюнча комиссияларынын жоопкерчиликтери жөнүндө
7.1 Той, кечелерди өткөрүүну Жобонун негизинде өтүлүшүн уюштура албаган коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчылары, каада-салтты жөнгө салуу боюнча аймактык комиссияларынын башчылары жана той кечелердин ээлери жамааттардын алдында жооп берет.
7.2 Шаардын аймагында өткөрүүчү той, кечелерди Жобонун негизинде өткөрүлүшүн камсыз кылууну каада-салттарды жөнгө салуу боюнча аймактык комиссияларынын башчылары, көзөмөлгө алат жана жобону бузган жарандар боюнча шаардык комиссияга маалымет берет.
Сүлүктү шаарынын аймагында үй-бүлөлүк
салттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын
тартипке келтирүү боюнча комиссиясы
|
|
| |
|
|
| |
|
| Шаардык кенештин 18.03.2022-жылдын XI сессиясынын № 44 токтомумна №2 тиркеме
| |
Сүлүктү шаарында “Үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча” аймактык комиссиялардын курамдары.
№ | Ф.А.А. |
| |
1. Кызыл-бел аймагы боюнча
| |||
1 | Рузибаев Гулом | Имам | |
2 | Шарипов Мелибай | Аймак башчысы | |
3 | Тагаев Закир |
| |
4 | Узаков Алим |
| |
5 | Исаева Гулмира | Аймак төрайымы | |
6 | Тагаева Зебиниса |
| |
7 | Абдуназаров Бакытбек | Шаардык кеңештин депутаты | |
8 | Джаныкеев Болотбек | Аймактык тескөөчү | |
2. Бөкөнбаев аймагы боюнча
| |||
1 | Жалилов Абдували | Имам | |
2 | Азимова Айсалкын | Аймак төрайымы | |
3 | Пардабаев Бакыт | Аймак башчысы | |
4 | Ниязов Абдипатта |
| |
5 | Раимбердиева Кымызай |
| |
6 | Джаныкеев Болотбек | Аймактык тескөөчү | |
3. Кольцо аймагы боюнча | |||
1 | Эшмурзаев Ботобек |
| |
2 | Мамбеткулова Ибадат |
| |
3 | Ажибаев Жыргал |
| |
4 | Турсункулов Эркинбек |
| |
5 | Ташев Эргешбай |
| |
6 | Ишмуратов Борубай | Имам | |
7 | Ибрагимов Абдисаит | Аймак башчысы | |
8 | Паизов Нурпазыл |
| |
9 | Джаныкеев Болотбек | Аймактык тескөөчү
| |
4. Н.Отбасаров аймагы боюнча
| |||
1 | Ахматова Айнагүл | Аймак төрайымы | |
2 | Толобаева Айчүрөк | Аймак башчысы | |
3 | Абдыназарова Буухал |
| |
4 | Эгемназаров Абдусали |
| |
5 | Асат Арзыбаевич | Шаардык кеңештин депутаты | |
6 | Сарыбаева Улугай |
| |
7 | Толобаев Кубанычбек | Имам | |
8 | Джаныкеев Болотбек | Аймактык тескөөчү | |
5. Шахтерская аймагы боюнча
| |||
1 | Рахманова Райхан | Аймак башчысы | |
2 | Бекаева Зылал | Аймак төрайымы | |
3 | Эралиев Ысмайыл |
| |
4 | Зияев Абдыгапар |
| |
5 | Акимбеков Замирбек. |
| |
6 | Юлдашева Гулниса |
| |
7 | Толубаев Досали |
| |
8 | Джаныкеев Болотбек | Аймактык тескөөчү | |
6. Раззаков-Советская аймагы боюнча 7. | |||
1 | Бикулова Наталья | Аймак башчысы | |
2 | Абдурасулова Баар |
| |
3 | Абдуллаева Санталат |
| |
4 | Халмуратов Абдупатта |
| |
5 | Сапаров Нурали |
| |
6 | Убаев Мурат | Шаардык кеңештин депутаты | |
7 | Башарова Майрам |
| |
8 | Туйчиева Ырызбан |
| |
9 | Джаныкеев Болотбек | Аймактык тескөөчү | |
7. М.Амраев аймагы боюнча
| |||
1 | Курбанбаев Файзулла | Аймак башчысы | |
2 | Кенжебаева Ыргал | Аймак төрайымы | |
3 | Ташев Бавабек |
| |
4 | Халимкулов Б. | Молдо | |
5 | Ахмедова Турсунай |
| |
6 | Мурзакасымов Камчыбек |
| |
7 | Джаныкеев Болотбек | Аймактык тескөөчү | |
8. Т.Ибрагимов аймагы боюнча
| |||
1 | Өсөр уулу Дастанбек | Аймак башчысы | |
2 | Кудаярова Майсара | Аймак төрайымы | |
3 | Таникулова Назира |
| |
4 | Юсупова Айсулуу |
| |
5 | Муминов Асылбек |
| |
6 | Айтиев Малик |
| |
7 | Джаныкеев Болотбек | Аймактык тескөөчү | |
9. Макаевка аймагы боюнча
| |||
1 | Рахманов Хожакул | Аймак башчысы | |
2 | Самадова Ирсалат | Аймак төрайымы | |
3 | Исманалиева Ханзат |
| |
4 | Кадыров Абдижалил |
| |
5 | Шадиева Сапаргүл |
| |
6 | Абдраимов Байыш. |
| |
7 | Султанали у.Дилмурат | Аймактык тескөөчү | |
|
|
| |
10. Бакыбек аймагы боюнча
| |||
1 | Назаров Бахап | Имам | |
2 | Таирова Рахима |
| |
3 | Мумедова Гулсара | Аймак төрайымы | |
4 | Исмаилова Канымай |
| |
5 | Таиров Идрис | Аймак башчысы | |
6 | Худайкулова Гулсара |
| |
7 | Исмаилов Каныбек | Шаардык кеңештин депутаты | |
8 | Джаныкеев Болотбек | Аймактык тескөөчү | |
11. Эльмуратов аймагы боюнча
| |||
1 | Бегимкулов Нуржан | Аймак башчысы | |
2 | Турабаева Дархан | Аймак төрайымы | |
3 | Назаркулов Сабырбек | Имам | |
4 | Алимов Курбанали |
| |
5 | Тайлаков Туратали |
| |
6 | Мамытов Гапар |
| |
7 | Миталипов Таалайбек. |
| |
8 | Исаева Батма |
| |
9 | Миталипова Канымай |
| |
10 | Джаныкеев Болотбек | Аймактык тескөөчү | |
12. Кенчи аймагы боюнча
| |||
1 | Кадыров Кубаныч | Имам | |
2 | Юлдашева Айнура | Аймак төрайымы | |
3 | Гайбеков Эгамберди |
| |
4 | Саипов Абдумалик |
| |
5 | Гайбекова Пардагул |
| |
6 | Ярашов Кудайберди | Аймак башчы | |
7 | Джаныкеев Болотбек | Аймактык тескөөчү
| |
13. Ш.Джураев аймагы боюнча
| |||
1 | Жапаров Акрам | Аймак башчысы | |
2 | Абдуллаева Ыргал | Аймак төрайымы | |
3 | Джунусов Толубай |
| |
4 | Абдуллаев Бакыт |
| |
5 | Абдуллаева Элмира |
| |
6 | Саттаров Руфат | Шаардык кеңештин депутаты | |
7 | Чокоев Музафар | Аймактык тескөөчү | |
14. Р.Джолбаев аймагы боюнча
| |||
1 | Арипов Зарип | Аймак башчысы | |
2 | Баймурзаева Райхан |
| |
3 | Суюнбаев Сайдилла |
| |
4 | Турабаев Вайдилла | Имам | |
5 | Мурзалиева Курсанай | Аймак төрайымы | |
6 | Абдуназаров Нурбек | Шаардык кеӊештин депутаты | |
7 | Чокоев Музафар | Аймактык тескөөчү | |
15. А.Аширалиев аймагы боюнча
| |||
1 | Жээналиев Абдилла | Аймак башчысы | |
2 | Гапарова Зияда | Аймак төрайымы | |
3 | Раджапов Айдар |
| |
4 | Аширалиев Нурлан |
| |
5 | Шамшиев Малик Ажы |
| |
6 | Халбеков Абдулазиз | Шаардык кеңештин депутаты | |
7 | Чокоев Музафар | Аймактык тескөөчү | |
16. С.Садыков аймагы боюнча
| |||
1 | Жунусова Мавлюда | Аймак төрайымы | |
2 | Садыкова Айсулуу |
| |
3 | Алимбаев Жамалидин |
| |
4 | Тагаев Адылбек | Имам | |
5 | Айтемиров Камал | Шаардык кеӊештин депутаты | |
6 | Алимов Кошмат | Аймак башчысы | |
7 | Чокоев Музафар | Аймактык тескөөчү | |
17. Т.Рустамов аймагы боюнча
| |||
1 | Эрискулов Акбарали | Аймак башчысы | |
2 | Юнусова Санталат | Аймак төрайымы | |
3 | Джолдошев Адашбай |
| |
4 | Сапарова Гулзина | Шаардык кеңештин депутаты | |
5 | Каразакова Гулбаар |
| |
6 | Чокоев Музафар | Аймактык тескөөсчү | |
18. Токтогул аймагы боюнча
| |||
1 | Халпаев Аскар | Аймак башчысы | |
2 | Карабаева Урхан | Аймак төрайымы | |
3 | Кудайбердиев Суюн | Молдо | |
4 | Мурзали у. Замир | Шаардык кеңештин депутаты | |
5 | Абдуллаева Санталат |
| |
6 | Чокоев Музафар | Аймактык тескөөчү
| |
19. С.Султанов аймагы боюнча
| |||
1 | Пирманов Саттарбай | Аймак башчысы | |
2 | Азреткулова Санам | Аймак төрайымы | |
3 | Турсунов Каныбек |
| |
4 | Мавлянова Шаархан |
| |
5 | Жумабаева Хализа |
| |
6 | Досов Гайназар | Шаардык кеӊештин депутаты | |
7 | Чокоев Музафар | Аймактык тескөөчү | |
20. Кенжебаев аймагы боюнча
| |||
1 | Эшанкулов Аллакул | Аймак башчысы | |
2 | Абдибасит кызы Курсанай | Аймак төрайымы | |
3 | Раимбердиева Зылал |
| |
4 | Убайдулла у. Каныбек | Имам | |
5 | Суюнбаева Гүлжахан |
| |
6 | Самадова Гульнара | Шаардык кеӊештин депутаты | |
7 | Чокоев Музафар | Аймактык тескөөчү | |
21. Д.Жороев аймагы боюнча
| |||
1 | Абдираимов Токтоназар | Аймак башчысы | |
2 | Өкүмова Чынара | Аймак төрайымы | |
3 | Мамутов Жарашбай | Имам | |
4 | Алимбаева Уулманай |
| |
5 | Нарбаева Карамат |
| |
6 | Халбеков Абдугапар | Шаардык кеӊештин депутаты | |
7 | Чокоев Музафар | Аймактык тескөөчү
| |
22. Т.Марипов аймагы боюнча
| |||
1 | Исмаилов Абдижапар | Молдо | |
2 | Эшмурзаева Зебиниса | Аймак төрайымы | |
3 | Асанова Сейилкан |
| |
4 | Абдумомунов Муса |
| |
5 | Акматова Айнура | Шаардык кеңештин депутаты | |
6 | Паттаев Талантбек | Аймак башчысы | |
7 | Чокоев Музафар | Аймактык тескөөчү
| |
23. Деканов-Дзержинский аймагы боюнча
| |||
1 | Каримбердиев Абдамит | Аймак башчысы | |
2 | Бердиева Шайыргүл | Аймак төрайымы | |
3 | Курбанбеков Ислам | Имам | |
4 | Ибрагимова Айтгүл |
| |
5 | Абдуллаев Аскар |
| |
6 | Кушмаков Махмуд | Аймак башчысы | |
7 | Токтобаев Дооран | Шаардык кеңештин депутаты | |
8 | Чокоев Музафар | Аймактык тескөөчү | |
Жооптуу катчы: |
|
М.Джураева | |
| ||
|
|
|