Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-ноябры № 17/56
2022-жыл ичинде Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы социалдык-маданий жана спорт тармагында иш алып барган мекемелердин ишмердүүлүгү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине жана шаардык кеңештин 2022–жылга кабыл алынган иш планына негиз, шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча 2022–жылдын 18–ноябрындагы №12 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл–Кыя шаарындагы социалдык-маданий жана спорт тармагында иш алып барган мекемелердин ишмердүүлүгү жөнүндө мекеме-ишканалардын жетекчилеринин маалыматтары эске алынсын.
2. 2022-жылдын 9 ай ичинде Кызыл–Кыя шаарындагы социалдык-маданий жана спорт тармагында бир топ алгылыктуу иштер аткарылганы жана аны менен катар кемчиликтер болгону белгиленсин.
3. Шаар мэри А.Маткалыковго социалдык-маданий объекттердин күз-кыш мезгилине даярдыгын көзөмөлгө алып, кыш мезгилинде жылуулук берүүнү үзгүлтүккө учуратпоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү күчөтүү жагы жүктөлсүн.
4. ЖДПБ директору Ж.Кадыровко милдеттендирилсин:
– Улуттук жана мамлекеттик “Ден соолук”, “Иммунопрофилактика”, “Кургак учук”, “Жан эне”, “Жаш муун” программалардын алкагында саламаттыкты сактоону реформалоону ишке ашыруу, калкты медициналык жактан тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана медициналык тейлөөнүн калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, саламаттык сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базаларын чыӊдоо боюнча иштерди жүргүзүү боюнча максаттуу иштерди жүргүзүү жагы;
– саламаттыкты сактоо мекемелеринде, алардын бөлүмдөрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан акысыз берилүүчү дары-дармектердин, медикаменттердин жана медициналык материалдардын тизмелерин илип коюу жана аларды жума сайын жаңылап туруу жагы;
– эне жана баланын өлүм көрсөткүчүн төмөндөтүү боюнча иштерди күчөтүү жагы;
– инфекциялык (кутурма, сибирь жарасы, гепатит, туберкулез ж.б.у.с.) ооруулардын алдын алуу максатында, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү активдештирүү жагы;
– шаарга караштуу аймактарда жайгашкан ФАПтарда бейтаптарга асма укол (капельница) алууга шарт түзүп берүүнү уюштуруу жагы.
5. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Кызыл-Кыя шаарындагы бөлүм башчысы А.Сатыбалдыевке милдеттендирилсин:
- Шаардагы инфекциялык оорулардын алдын алуу боюнча иштерди активдештирүү;
- шаар аймагында иштеп жаткан мончолордун санитардык абалын жана алардан чыккан сыркынды суулардын агышын катуу көзөмөлгө алуу жагы;
- Калктын ден соолугуна кам көрүү максатында көчөлөрдө, базарда сатылып жаткан тамак-аш-эт продуктыларынын сакталуусу жана сатылуусу, коомдук тамак-аш жайларынын санитардык-гигиеналык абалын көзөмөлгө алуусун улантуу жана аткарылган иштер боюнча жылдын жыйынтыгы менен шааардык кенешке маалымат берүү.
6. Кызыл–Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Матосмоновага милдеттендирилсин:
- “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, жаштарга билим берүүдө инновациялык ыкмаларды пайдаланып, билим берүүнүн, окуу–тарбиялык иштердин сапатын жогорулатуу боюнча максаттуу иштерди алып баруу жагы;
- шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте «мектеп рэкети», жогорку класстардын окуучулары тарабынан төмөнкү класстардын окуучуларына көрсөтүлүүчү зомбулуктардын, окуучулардын топторунун мектептер арасындагы мушташуулардын жана башка тартип бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка жол бербөө багытында профилактикалык иштерди жүргүзүү жагы;
- жаштарга билим берүүдө инновациялык ыкмаларды пайдаланып, билим берүүнүн, деңгээлин жогорулатуу жана Жалпы Республикалык тестирлөөгө окуучуларды даярдоодо максаттуу иштерди алып баруу жагы.
7. Кызыл–Кыя шаарынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы А.Таштемировго милдеттендирилсин:
- жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, улуттар аралык мамилелерди чыӊдоо максатында, жаштар борбору, билим берүү бөлүмү менен биргеликте тренингдерди, тегерек столдорду уюштуруу жагы;
- спорттук залдардын спорт каражаттары менен камсыз болуусуна жетишүү;
- жаш балдардын ден соолугуна кам көрүү максатында жаштарды спортко тартуу, спорт залдарынын иштерин активдештирүү жагы.
8. Кызыл–Кыя шаардык социалдык камсыздоо жана миграця башкармалыгынын башчысы Т.Давлятовага милдеттендирилсин:
- шаардагы аз камсыз болгон үй–бүлөлөрдү аныктоо, аларга социалдык паспортторду толтуруу, жөлөк пулдарды чегерүү, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү иштерин жүргүзүү жагы;
- шаардын мэриясы менен биргеликте балдарга карата зордук–зомбулуктарга жол бербөө багытында ата-энеси миграцияда жүргөн балдарды аныктоо жана аларды көзөмөлгө алуу иштерин алып баруу жагы;
- шаардагы эмгек рыногуна мониторинг жүргүзүү менен калкка жана замандын талабына зарыл болгон кесиптерге кайра окутуу иштерин дайыма жүргүзүү жагы.
9. Шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы К.Кулматовага милдеттендирилсин:
- маданият тармагында өткөрүлүүчү ар түрдүү областык жана республикалык кароо-сынактарга, иш чараларга катышууну камсыз кылуу жагы;
- шаардын борбордук маданий эс алуу багынын, тарыхый эстеликтердин санын тактоо менен сакталуусуна кам көрүү жагы;
- шаардык музейдин экспонаттарынын сакталуусуна кам көрүү жана алардын санын көбөйтүү, китепканалардын фондун көбөйтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү жагы.
Төрага |
| Ж.Калматов |