Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 18-августу № 57
Сүлүктү шаарынын Т.Марипов көчөсүндөгү курулбай калган 4 кабаттуу, 48 көп батирлүү турак жай үчүн ажыратылган 0,8 га чейинки жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүүгө, мамлекеттик, муниципалдык үйлөрлөрдү курууга жана мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунун карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 12.08.2022-ж. №01-112/1251 чыгыш сандуу Сүлүктү шаарынын Т.Марипов көчөсүндөгү курулбай калган 4 кабаттуу, 48 көп батирлүү турак жай үчүн ажыратылган 0,8 га чейинки жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүүгө, мамлекеттик, муниципалдык үйлөрлөрдү курууга жана мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунун карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренеси, 20.10.2021ж. №123 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренеси, 15.03. 2002-ж. N 37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2,11 беренелеринин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын Т.Марипов көчөсүндөгү курулбай калган 4 кабаттуу, 48 көп батирлүү турак жай үчүн ажыратылган 0,8 га чейинки жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүүгө, мамлекеттик, муниципалдык үйлөрлөрдү курууга жана мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунун карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Сүлүктү шаардык мэриясына милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төраганын орун басары |
| Д.Токтобаев |