Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-августу № 13/43
Кызыл–Кыя шаарынын 2022–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 2022–жылдын 6 айында аткарылышы жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 2022–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 2022–жылдын 6 айында аткарылышы жөнүндөгү маселе шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун 2022–жылдын январь-август айларындагы чечимин эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 135055,6 миң сом өлчөмүндө бекитилген. Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын 2022-жылга кабыл алган жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 6 айында киреше бөлүгүнүн аткарылышы 88802,9 миң сом, чыгаша бөлүгү 55025,6 миң сом өлчөмүндө аткарылгандыгы бекитилсин (тиркемелер тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Ж.Калматов |