Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-ноябры № 13/45
Кызыл–Кыя шаарынын 2022–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 9 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине жана шаардык кеңештин 2022–жылга кабыл алынган иш планына негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 2022–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 9 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы жөнүндөгү маселе шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып, сессияга сунуштоо боюнча 2022–жылдын 28-31–октябрындагы жана 01-ноябрындагы №33 протоколун, 2022-жылдын 11-ноябрындагы №34 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 135055,6 миң сом өлчөмүндө бекитилген. Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын 2022-жылга кабыл алган жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 9 айында киреше бөлүгүнүн аткарылышы 148447,0 миң сом, чыгаша бөлүгү 112086,2 миң сом өлчөмүндө аткарылгандыгы бекитилсин (тиркемелер тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Ж.Калматов |