Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги
ХIV сессиясы
2022-жылдын 19-сентябры № 4
Муниципалдык менчигине бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Сарай айыл өкмөтүнүн Миялы айылынын тургундарынын сунушун угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн Миялы айылындагы мечиттин 250 м2 жер аянтын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
2. Жер аянтын мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндөгү иш кагаздарын даярдап, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Салимов |