Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги XI сессиясынын
2022-жылдын 27-майы № 2
Сарай айыл өкмөтүнүн бюджетинин орто мөөнөттүк божомолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык, айыл өкмөтүнүн башкы эсепчисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн орто мөөнөттүк божомолу;
2023-жылга | 126823,6 сом жана 5700,0 сом (атайын счет) өлчөмүндө |
2024-жылга | 126971,4сом жана 5700,0 сом (атайын счет) өлчөмүндө |
2025-жылга | 128080,1сом жана 5700,0 сом (атайын счет) өлчөмүндө бекитилсин. |
2. Сарай айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн орто мөөнөттүк божомолу;
2023-жылга | 126823,6 сом жана 5700,0 сом (атайын счет) өлчөмүндө |
2024-жылга | 126971,4сом жана 5700,0 сом (атайын счет) өлчөмүндө |
2025-жылга | 128080,1сом жана 5700,0 сом (атайын счет) өлчөмүндө бекитилсин. |
3. Айыл өкмөтү тарабынан 2023-2025-жылдарга карата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн даярдоодо айыл өкмөтүнүн бюджетинин орто мөөнөттүк божомолунун көрсөткүчтөрү эске алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Салимов |