Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги ХIIсессиясы
2022-жылдын 19-июлу № 3
Сарай айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинде жер салыгына каралып бекитилген 1093,7 миң сом планынын ордун толуктоо боюнча бюджеттик жоготуулардын негизинде Республикалык бюджеттен келген 382, 8 миң сом акча каражатын бекитүү үчүн Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Жер салыгы боюнча жоготуларды толуктоо максатында Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 382,8 миң сом акча каражаты “Турак-жай комуналдык кызматтар” 70629 разделинин 3112 статьясына чегерилсин.
2. Жогорудагы көрсөтүлгөн сумманы чегерүү жагы Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Н.Айткуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Салимов |