Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги
ХIV сессиясы
2022-жылдын 19-сентябры № 5
Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы №145 “ Жерлерди которуу (транформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтому, Кара-Суу районунун мамлекеттик адмнистрациясынын 2022-жылдын 14-сентябрындагы корутундусу, Нариман айылынын тургуну Б.Р Ильязованын арызын карап чыгып, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн Киров айылынын күн чыгыш тарабындагы №1361 контурунда жайгашкан Ильязова Бактыкан Рахманбердиевнанын жеке менчик үлүш жери 1,02 га сугат айдоо жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Салимов |