Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги ХIII сессиясы
2022-жылдын 5-сентябры № 6
Присавай айылындагы №131 негизги мектебине класстар ачуу жөнүндө
Присавай айылындагы ата-энелердин 2022-жылдын 15-августундагы №3 протоколу жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн Присавай айылында окуучулардын саны көптүгүнө байланыштуу айылдагы мектеп окуучулары №131 негизги мектебинде окуутууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш-кагаздарын даярдап ачып берүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин билим берүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Салимов |