Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги ХIII сессиясы
2022-жылдын 5-сентябры № 4
Муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 Жер Кодексин 4-беренесинин 3-пунктунун негизинде жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке жана мамлекеттик менчиктеги жерлерден башка жерлер муниципалдык менчикке алынсын.
2.Муниципалдык менчикке жерлерди тактоо жана каттоого алуу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча адистерине милдеттендирилсин.
3.Муниципалдык менчиктеги жерлерди каттоого алуу жагын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынан жана Кара-Суу шаар курулуш архитектура башкармалыгынан суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Салимов |