Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги ХIII сессиясы
2022-жылдын 5-сентябры № 3
Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы турак жай салуу үчүн бекитиле турган жер участогунун аянтын белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген Жобонун негизинде жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Киров, Тельман айылындагы турак жай салуу үчүн бекитилүүчү жер участогунун аянты 0,04 га деп белгиленсин.
2. Коңурат, Эркин айылындагы турак жай салуу үчүн бекитилүүчү жер участогунун аянты 0,05 га деп белгиленсин.
3. Присавай, Миялы айылындагы турак жай салуу үчүн бекитилүүчү жер участогунун аянты 0,06 га деп белгиленсин.
4. Тийиштүү иш-кагаздарын даярдап жана ген.план түзүү “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынан жана Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Салимов |