Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги ХIII сессиясы
2022-жылдын 5-сентябры № 2
Сарай Тазалык ишканасынын Жобосуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Сарай Тазалык адистештирилген муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ф.Калиловдун сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Сарай Тазалык адистештирилген муниципалдык ишканасынын Жобосунун 2.2 пунктуна Сарай айыл өкмөтүнүн аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, дарактарды отургузуу, бутоо, сугаруу жана түнкү жарыктандыруунун ремонт иштерин жүргүзүшсүн деп толуктоо киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн орун басары У.Мадымаровго жүктөлсүн.
Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Салимов |