Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги ХIII сессиясы
2022-жылдын 5-сентябры № 1
Сарай айыл өкмөтүнүн аймагында жеке менчик үйлөр жана имараттарда балдар бакчасын ачуу жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы ата-энелердин суроо-талаптарын эске алып, мектеп жашына чейинки балдарга билим тарбия берүү максатында Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат;
1. Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарындагы ата-энелердин суроо-талаптарын канаатандыруу максатында жеке менчик үйлөрдү жана имараттарды ижарага алып, бала бакча ачууга уруксат берилсин.
2. Үй шартында бала бакча ачууга чыгымдалуучу чыгымдар эки тараптуу келишимге ылайык жүргүзүлсүн.
3. Сарай айыл өкмөтүнүн аймагында ачыла турган бала бакча үчүн тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн орун басарына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Салимов |