Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги ХIIсессиясы
2022-жылдын 19-июлу № 8
Сарай айыл өкмөтүнүн Киров айылындагы айланпа жол көчөсүнө ат коюу жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Киров айылындагы айланпа жол көчөсүнө Адылхан Абдалимовдун атасынын атын коюу боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Киров айылындагы айланпа жол көчөсүнө Жунусов Абдалимдин аты ыйгарылсын.
2. Жогорудагы Жунусовдун аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө, көчөгө атын жазып тактайчаларды илүү жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалына каттоого алуу жагы Абдалимов Адылханга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Салимов |