Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги
ХIV сессиясы
2022-жылдын 19-сентябры № 8
Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы №145 “Жерлерди которуу (транформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтому, Сарай айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Акимовдун сунушун угуп, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн Присавай айылындагы № 38,39 контурларда жайгашкан 0,12 га кысыр аңыз жана 0,38 га жыйыт жер аянттарына, жалпы 0,50 га жер аянтына таштанды топтоочу жай куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Салимов |