Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги
ХIV сессиясы
2022-жылдын 19-сентябры № 10
Сарай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 9-айында аткарган иштеринин жыйынтыгынын негизинде бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн иштетилбей калган акча каражаттарын башка разделдерге жылдыруу үчүн Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн 70111 разделинин 2111-статьясына бекитилген 100000 сом; 2214-статьясына бекитилген 10000 сом; 2218-статьясына бекитилген 294000 сом; 2221-статьясына бекитилген 51900 сом; 2222-статьясына бекитилген 39000 сом, 2224-статьясына бекитилген 15000 сом. Жалпы 509900 сом акча каражаты кыскартылып, 70111 разделинин 3112-статьясына которулсун.
2. Сарай айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн 70911 разделинин 2221-статьясына бекитилген 30000 сом; 2224-статьясына бекитилген 120000 сом. Жалпы 150000 сом акча каражаты кыскартылып, 70911 разделинин 3112-статьясына которулсун.
3. Сарай айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн 70429 разделинин 3112-статьясына бекитилген 382000 сом акча каражаты кыскартылып, 70911-разделинин 3112-статьясына 382000 сом акча каражаты которулсун.
4. Сарай айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн 70921 разделинин 2212-статьясына бекитилген 80000 сом; 2221-статьясына бекитилген 162600 сом, 2222-статьясына бекитилген 77900 сом; 2224-статьясына бекитилген 145000 сом. Жалпы 465500 сом акча каражаты кыскартылып, 70921 разделинин 2215-статьясына которулсун.
5. Сарай айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн 70825 разделинин 2215-статьясына бекитилген 500000 сом акча каражаты кыскартылып, 70629-разделинин 2511-статьясына которулсун.
6. Сарай айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн 70629 разделинин 3111-статьясына бекитилген 7000000 сом акча каражаты кыскартылып, 70629-разделинин 3112-статьясына которулсун.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышы Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Н.Айткуловго милдеттендирилсин.
Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Салимов |