Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIV сессиясы
2022-жылдын 19-сентябры № 3
Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Тельман айылында жайгашкан Э.Тельман атындагы орто мектепке бекитилип берилген жер аянтынан балдар бакчасына бөлүп берүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Тельман айылында жайгашкан Э.Тельман атындагы орто мектепке бекитилип берилген 17166,0 м.кв жер аянтынын ичинен 5017,0 м.кв жер аянтын балдар бакчасына бөлүп берүү боюнча Сарай айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Тельман айылындагы жайгашкан Э.Тельман атындагы орто мектепке бекитилип берилген 17166,0 м кв жер аянтынын ичинен 5017,0 м.кв жер аянтын балдар бакчасына имарат куруу үчүн Сарай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
2. Ушул жер аянтын көрсөтүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адистерине милдеттендирилсин.
3. Жер аянтын мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндөгү иш кагаздарын даярдап, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынан суралсын .
Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Салимов |