Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Шарк айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги ХII сессиясы
2022-жылдын 4-ноябры № 1
«Шарк айыл өкмөтүнүн 2022 – жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
Шарк айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 19-июлуна карата жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары боюнча маалыматтарды угуп, жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселеси тийиштүү адистер менен такталганып, Шарк айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комитетинин экинчи отурумунда каралып, алар тарабынан киргизилген сунуштардын негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109-статьясын жетекчиликке алуу менен Шарк айылдык Кеңеши,
Токтом кылат:
1. 2022-жылдын 9-айында бекитилген киреше салыгынан 4000,0 миң сом, бирдиктүү салыктан – 3000,0 миң сом жана кыймылсыз мүлккө салыктан – 200,0 миң сом пландан ашыкча түшкөн 7200,0 миң сом акча каражаттарын төмөндөгү тармактын статьясына отургузулсун:
- 70629 «Турак – жай, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр» тармагынын 3111 статьясына – Мачак айылындагы № 1942-Д скважинасын калыбана келтирүүгө кошумча 636,0 миң сом, айылдарга мамычалар сатып алууга -2905,0 миң сом, айылдарга суу латокторун сатып алууга-2200,0 миң сом жана көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн – 359,0 миң сом, жалпысынан 6100,0 миң сом жана 3112 статьясына айылдарга трансформатор сатып алууга 900,0 миң сом болуп, жалпысы – 7000,0 миң сом;
-70823 «Маданият сарайлары жана үйлөрү, клубдар боюнча каражаттары» тармагынын 3111 статьясына айылдык маданият үйүндө жайгашкан спорт клубу бөлмөсүн капиталдык оңдоо үчүн керектелүүчү курулуш материалдар жана жабдуулар сатып алууга– 200,0 миң сом;
2. Шарк айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинде эконом болуп калган акча каражаттарын зарыл болгон жумуштарды аткаруу максатында төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 70111 «Аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу органдары боюнча каражаттары» тармагынын: 2215 статьясы эсебинен – 300,0 миң сом;
- 70629 «Турак – жай, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр» тармагынын 3111 статьясы эсебинен – 4828,5 миң сом;
-70823 «Маданият сарайлары жана үйлөрү, клубдар боюнча каражаттары» тармагынын 3111 статьясы эсебинен - 600,0 миң сом;
-70911 «Мектепке чейинки билим берүү боюнча каражаттары» тармагынын 2224 статьясы эсебинен – 104,0 миң сом жана 3111 статьясы эсебинен -56,0 миң сом, 3112 статьясы эсебинен 137,7 миң сом болуп, жалпысынан - 297,7 миң сом;
-70921 «Билим берүү боюнча каражаттары» тармагынын 2215 статьясы эсебинен – 450,0 миң сом,2221 статьясы эсебинен -100,0 миң сом жана 2224 статьясы эсебинен – 472,5 миң сом, жалпысынан 1022,5 миң сом болуп, тармактар боюнча бардыгы – 7048,7 миң сом кыскартылып төмөндөгү тармактардын статьяларына отургузулсун.
- 70111 «Аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу органдары боюнча каражаттары» тармагынын: 2222 статьясы эсебинен – 300,0 миң сом;
- 70629 «Турак – жай, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр» тармагынын: 2214 статьясына – 275,0 миң сом, 2215 статьясына – 100,0 миң сом, 2221 статьясына – 270,0 миң сом жана 3111 статьясына 2016,0 миң сом, 3112 статьясына – 2100,0 миң сом болуп, бардыгы -4761,0 миң сом;
- 70911 «Мектепке чейинки билим берүү боюнча каражаттары» тармагынын 2218 статьясына – 137,7 миң сом, 3112 статьясына – 320,0 миң сом болуп, бардыгы – 457,7 миң сом;
- 70921 «Билим берүү боюнча каражаттары» тармагынын 2211 статьясына – 80,0 миң сом, 2221 статьясына – 270,0 миң сом, 2222 статьясына – 180,0 миң сом, 3111 статьсына – 510,0 миң сом жана 3112 статьясына - 490,0 миң сом болуп бардыгы – 1530,0 миң сом.
3.Атайын каражаттар боюнча мектепке чейинки билим берүү мекемелерине кошумча тамак аш продукцияларын сатып алуу үчүн 2218 статьясына – 1025,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Абзалов |