Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Шарк айылдык Кеңешинин VII шайланган кезектеги ХII сессиясы
2022-жылдын 4-ноябры № 2
“Трансформациялоо жүргүзгөнгө чейин Шарк айыл өкмөтунун карамагына кабыл алынып жаткан жер участкасы аянты 127,0 Га анын ичинен “өнөр-жай зонасы" үчүн 50 Га жер участогун бөлүп берүү жөнүндө”
Шарк айыл аймагынын жашоочуларынын жыргалчылыгын жакшыртуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү, бюджетин толтуруу, ошондой эле Шарк айыл аймагында инвестицияларды тартуу жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү максатында, Шарк айылдык өкмөтүнүн башкы жер адиси (чыг. 04.11.2022 ж. №930-II.) берген маалыматын эске алып, Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
Токтом кылат:
1.Трансформациялоо жүргүзгөнгө чейин Шарк айыл өкмөтунун карамагына кабыл алынып жаткан жер участкасын аянты 127,0 га, анын ичинен “өнөр-жай зонасы" үчүн 50 га жер участогу бөлүнүп берилсин;
2. Тиешелүү башкы планга (Ген план) өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштери Шарк айыл өкмөтунун башкы жер адисине жүктөлсүн;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Шарк айылдык кеңешинин «Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына» тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Абзалов |