Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Шарк айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги ХII сессиясы
2022-жылдын 4-ноябры № 1
“Шарк айыл аймагынын айылдарынын ички көчөлөрүнө жол ачып кенейтүү жөнүндө”
Шарк айыл аймагынын башкы Планын ишке ашыруу, калктуу конуштарды көрктөндүрүү жана ички пайдалануу жолдорун тартипке келтирүү максатында, Шарк айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси берген (чыг. 04.11.2022 ж. №930-II.) маалыматын эске алып, Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
Токтом кылат:
1. Ош 3000-(Шарк) – Х.Хабибуллаев (Ташлак), Ош 3000 (Шарк) – Биримдик (Ташлак), Абдукаримов (Шарк) – Ж.Шакиров (Ташлак), Балтабаев (Шарк) – Козубаева (Ташлак), Маткаримов (Шарк) – Туркменов (Шарк) – жолдорду ачуу
иштерин, Макееева (Ташлак) – жолдуу кенейтүү иштери бекитилсин;
2. Жолдорду ачуу жана кенейтүү максатында башкы планга (Генпланга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Шарк айыл өкмөтүнүн башкы жер адисине жүктөлсун;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык Кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Абзалов |