Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Шарк айылдык Кеңешинин VII шайланган кезектеги ХII сессиясы
2022-жылдын 4-ноябры № 4
“Медресе айылындагы Ош -өзгөн жолу №353 контурунда жайгашкан жеке менчиктеги айыл чарба багытындагы жалпысы 0,80 га жер аянты өндүрүштүк объектилердин куруу максатында транформацияга берүү жөнүндө”
Шарк айыл аймагында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү максатында Медресе айылындагы Ош - өзгөн жолунда №353 контурда жайгашкан 0,20 га жана 0,60 га жеке менчиктеги айыл чарба багытындагы жалпысынан 0,80 га жер аянтына өндүрүштүк объектилерди куруу максатында Шарк айылдык өкмөтүнүн башкы жер адиси берген (чыг. 04.11.2022 ж. №930-II.) маалыматын эске алып, Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
Токтом кылат:
1. Жерлерди трансформациялоо боюнча иштерди жүргүзүлүшү бекитилип берилсин;
2. Аталган жерлер боюнча которууга тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү даярдоо Шарк айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Шарк айылдык Кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Абзалов |