Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Шарк айылдык Кеңешинин VII шайланган кезектеги ХII сессиясы
2022-жылдын 4-ноябры № 5
“Шарк айыл аймагында Бабалашкар участогунда мүрзөго бөлүнгөн №258 жана №259 контурларындагы участокторду алмаштыруу жөнүндө”
Бабалашкар айылынын тургундарынын арызынын негизинде жана Шарк айылдык өкмөтүнүн башкы жер адиси берген (чыг. 04.11.2022 ж. №930-II.) маалыматын эске алып, Бабалашкар участкасындагы 5,0 га жер аянты мүрзө куруу үчүн ошол жерден №258 контурунан 1,75 га, №259 контурда 3,25 га жер аянты жалпы 5,0 га жер аянты бөлүнгөн, бирок бүгүнкү күндө жергиликтүү тургундардын суроо талабы жана кайрылуусу менен №259 контурундагы №3,25 га жер аянты №258 контуруна которуп, ал эми №258 контурундагы жер үлүштөрүн №259 контуруна которуу боюнча, Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
Токтом кылат:
1.Шарк айыл аймагындагы Бабалашкар участогунда мүрзөго бөлүнгөн №258 жана №259 контурлардагы участокторду алмаштыруу боюнча иштерди жүргүзүлүшү бекитилип берилсин;
2. Аталган жерлер боюнча которууга тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү даярдоо Шарк айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;
3. Тиешелүү башкы планга (Ген план) өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштери Шарк айыл өкмөтүнүн башкы жер адисине жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” турукту комиссиясына тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Абзалов |