Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Шарк айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги ХII сессиясы
2022-жылдын 4-ноябры № 8
“Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндөгү жобону ишке ашыруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасын министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомун жана Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VII кезексиз сессиясынын 2021-жылдын 4-декабрындагы Шарк айыл аймагында жайгашкан кайра болуштуруу фондусунун эсебиндеги жалпы аянты 62,55га жер аянтын “айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө №1 токтомун, Шарк айылдык Кеңешин депутаттарынын сунуштарын эске алып, Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасын министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомуна ылайык иш чараларды так алып баруу жагы Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы У.Батыровко жүктөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Шарк айылдык Кеңешинин «Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына» тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Абзалов |