Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Шарк айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги ХIII сессиясы
2022-жылдын 13-декабры № 1
“Шарк айыл аймагынын Ачы участкасындагы 114,6га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан калкты турак үй куруу үчүн жер аянты менен камсыздоо максатында “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» №145 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169-токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трасформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобонун талаптарына жана Кара-Суу райондук администрациясынын 9-декабрь 2022-жылдагы берилген корутундусуна ылайык, Шарк айыл өкмөтүнүн Ачы участкасындагы жалпы 114,6 га жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан калкты турак жай менен камсыздоо максатында «Калктуу конуштун жерлери» категориясына которуу боюнча Шарк айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
Токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык Шарк айыл өкмөтүнүн Ачы участкасындагы №2 контурунан 8,64 га кайрак айдоо, №4 контурунан 16,68га кайрак айдоо, № 6 контурунан 14,1га кайрак айдоо, №7 контурунан 19,76га кайрак айдоо, №17 контурунан 1,4 га кайрак айдоо, №13 контурунан 1,76га жалпы 73,17га кайрак айдоо, №8 контурунан 2,56га, №9 контурунан 9,5га, №15 контурунан 0,87га, №25 контурунан 1,5га, №26 контурунан 0,90 га, №27 контурунан 1,10га, жалпы 16,43га көп жылдык бак дарактар, № 1 контурдан 3,4га, №3 контурдан 5,16га, № 5 контурдан 3,66га, № 11 контурдан 10,27га, № 12 контурдан 0,40га, №16 контурдан 1,62 га, №22 контурдан 0,40га жалпы 24,11 га жайыт, № 18 контурдан 0,89га эски сайдын оорду жалпы 114,6га жер аянтын комиссиянын мүчөлөрү тарабынан берилген ачык добушуна ылайык калкты турак жай куруу үчүн жер аянты менен камсыздоо максатында «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан которууга макулдук берет;
2.Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» №145 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169-токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трасформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобонунталаптарына ылайык тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин;
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Абзалов |