Загрузка документа…
Ш.КЕНЖЕТАЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кенешинин VIII чакырылышынын III сессиясы
2021-жылдын 1-июлу № 5
Акча каражатын бөлүү жөнүндө
Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Тагаеванын билдирүүсүндө айыл өкмөтүнө караштуу З.Эгембердиев атындагы орто мектебине капиталдык оңдоолорду жүргүзүү үчүн сметалары түзүлүп мамлекеттик сатып алуулардын мыйзамдарына ылайык порталга жарыяланып жеңүүчү тандалып иш баштоо алдында тургандыктан Токтогул райондук атайын фонддон келип түшкөн акчанын 443904 (төрт жүз кырк үч минң тогуз жүз төрт) сому элдик салым деп которуу жана айыл өкмөтүнүн имараты кооптуу жерде жайгашкандыктан Бос-Талаа участкасына жаны имараты кооптуу жерде жайгашкандыктан Бос-Талаа участкасына жаны имарат курулуп жаткан, акчанын жетишпестигинен ички майда иштери калган ошого Токтогул атайын фондунан түшкөн акча каражатынан 256096 (эки жуз элуу алты мин токсон алты) сому айыл өкмөтүнүн имаратынын жетишпеген материалдарга жана иштерине жумшоо үчүн сессия жөнүндөгүнү угуп жана талкуулап айылдык кеңнештин кезексиз сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн бюджетине келип түшкөн акча каражатынын 443904 (төртжүз кырк үч миң тогузжүз төрт) сому З.Эгембердиев атындагы орто мектебинин капиталдык ондоолорун жургузуудө өздүк салым болуп жана 256096 (экижүз элүү алты мин токсон алты) сому айыл өкмөттун жаны курулуп жаткан имаратынын калган иштерине пайдалануу үчүн атайын каражаттын 3111 статьясына каралсын.
2. Жогорудагы акча каражатын убагында которуу жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Г.Тагаевага милдеттендирилсин.
3. Акча каражатынын жумшалышынын көзөмөлу бюджет комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлун өзумө калтырам.
Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жакыпов |