Загрузка документа…
Ш.КЕНЖЕТАЕВ АТЫНДАГЫ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кенешинин VIII чакырылышынын IV сессиясы
2021-жылдын 21-ноябры № 6
Сары-Камыш айыл өкмөтунун бюджетине 2021-жылы «Республикалык бюджеттен өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар» эсебинен келген 800,0 мин сом акча каражатынын бөлунуштөру жөнундө
Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн 2021-жылы кабыл алынган жергиликтүү бюджетине Республикалык бюджеттен “Ѳз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар эсебинен» келген 800,0 миң сомду бөлүштүрүп сессияга кароо үчүн айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Г.Тагаеванын билдируусун угуп жана талкуулап сессия
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн 2021-жылкы жергиликтүү бюджетинде акча каражаты аз болуп чыгымдарга жетишпегендиктен келип түшкөн акча каражаты төмөндөгудөй болуп бөлүштүрүлсүн: светтин лимити аз болгондуктан мектепти жана айыл өкмөттун имараттарын жылытууга 30 тонна көмүргө 150,0 миң сом, мектептин электроэнергиясына 85,0 миң сом, жолдорду кышкыга даярдап жана кышында жолдорду тазалап туруу үчүн дизтопливо алууга 400,0 миң сом, 2022-жылга пландаштырылып жаткан З.Эгембердиев атындагы орто мектебинин имаратынын тышкы дубалдары, фундаменттин жана ички дубалдарын капиталдык ондоолордон өткөрүү үчүн смета түзүү үчүн 70,0 миң сом, айылга футбол ойнолуучу чакан аянтча куруу үчүн смета даярдоого 80,0 миң сом жана айыл өкмөттүн жаңы имаратына счетчик койдуруу жана ар кандай документацияларын даярдоо үчүн 15,0 миң сом.
2. Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин 2018-2019-жылдан бери акча каражатынын жетишсиздигинен сапар чыгымдарынан аласалары берилбей келген. Ошондуктан айыл өкмөттүн киреше акча каражатынан 209,0 миң сом
Аппарат
2215 статьяга 165000 сом
2221 статьяга 400000 сом
2224 статьяга 50000 сом
2231 статьяга 10000 сом
Мектеп
2224 статьяга 100000 сом
2231 статьяга 75000 сом
Баардыгы 800000 сом
Аппарат
2211 статьяга 209 000 сом
3. Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген жергиликтүх бюджетине өзгөртүүлөр киргизилсин.
4. Жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөргө көзөмөл жүргүзүү жагы айылдык кеңештин бюджет комиссиясына милдеттендирилсин.
Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кеңештин төрагасы: | Р.Жакыпов |