Загрузка документа…
Ш.КЕНЖЕТАЕВ АТЫНДАГЫ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кенешинин VIII чакырылышынын V сессиясы
2021-жылдын 13-декабры № 10
Сары-Камыш айыл аймагында 2022-жылдын 25-мартынан 03-апрелине чейин Эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүү үчүн акча каражатын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы «Кыргыз Республикасында 2022-жылы Эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү жөнүндө » №228-токтомун, Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 18-ноябрындагы №59 токтомун аткарууга алуу максатында жана Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 22-ноябрындагы №01-91 катынын негизинде, 2022-жылдын 25-мартынан 03-апрелине чейин Эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүү үчүн, ар кандай чыгымдарга 20 000 (жыйырма мин) сом акча каражатын бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөт бшчысы Р.Өмуркановдун билдируусун угуп жана талкуулап, Сары-Камыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн аймагында 2022-жылдын 25-мартынан 03-апрелине чейинки мезгилде Эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлсүн.
2. 2022-жылдын 25-мартынан 03-апрелине чейин Эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүү үчүн, ар кандай чыгымдарга 20 000 (жыйырма мин) сом акча каражаты бекитилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатын камсыз кылуу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Г.Тагаевага милдеттендирилсин.
4. Эл жана турак жай фондун каттоо Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн аймагында так жана сапаттуу жүргүзүлүүсүн камсыз кылуу айыл окмот башчысы Р.Омуркановго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кеңештин төрагасы: | Р.Жакыпов |