Загрузка документа…
Ш.КЕНЖЕТАЕВ АТЫНДАГЫ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кенешинин VIII чакырылышынын VI сессиясы
2022-жылдын 1-февралы № 11
Сары-Камыш айыл аймагынын 2022-жылдын бюджетин бекитүү жөнундө
Эл депутаттарынын Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VI сессиясы айылдык кеңештин бюджет комитетинин 2022-жылга киреше жана чыгаша бөлүнүштөрү боюнча жана жайыт комитетинин ФЭБ башчы Г.Тагаеванын билдирүүсун угуп жана талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн жалпы бир жылдык киреше долбоору 1438,0 миң сом жана тендөөчү гранттан 2485,5 мин сом бардыгы 3946,5 миң сом жалпы бюджети бекитилген жана жыл ичинде толуктоолор менен 5651,5 миң сомго аткарылганы белгиленсин.
2. 2022-жылга каралган Жергиликтүү бюджеттен түшүүчү киреше 1578,0 миң сомду түзөт жана теңдөөчү гранттан 2485,0 миң сом жалпы 4063,0 мин сомду түзөт жана бир жылдык жалпы бюджет 4063,0 миң сом бөлүп белгиленсин. Тендөөчү гранттан келген акча каражаты корголгон статьяларга жумшалышы керек, бирок айлык акыга жетишпей жаткандыктан айлык акыга 280,7 миң сом жана соц чегерүүлөргоө326,7 миң сом жалпы 578,5 миң сом жергиликтүү кирешеден коюу жагы белгиленсин. Андан тышкары корголгон статьяларга дагы жергиликтүү бюджеттен коюлсун.
3. 2022-жылдагы жайыт комитетинин жалпы бюджети 264,0 миң сом бөлүп белгиленсин. 2022-жылга жайыт комитетинин айлык акылары жана керектөөчу каражаттарына төмөндөгү акча каражаты жалпы 180,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
4. Айыл өкмөттүн кызматкерлерине бир жылдык сапар чыгымына 150,0 миң акча каражаты бөлүнүп берүү жагы белгиленсин.
Транспорт чыгымына | - 240,0 миң |
Байланышка | - 20 000 миң |
Көмүргө | - 200 000 миң |
Мектептин керектелүүчү каражаттарына | -120 000 |
Кеңештин төрагасына кварталына 1050 дон акча каражаты бөлүп берүү жагы белгиленсин.
5. Даталуу күндөргө төмөндөгүдөй акча каражаты бөлүштүрүү жагы белгиленсин.
1) Энелер күнүнө | - 25 000 сом |
2) Карылар күнүнө | - 30 000 сом |
3) Мугалимдер күнүнө | - 7000 сом |
4) Нооруз майрамына | - 3000 сом |
5) Медиктер күнүнө | - 5000 сом |
6) Майыптар күнүнө | - 25 000 сом акча каражаты бөлүп берүү жагы белгиленсин. |
6. Айылдык кенештин бекитилип берилген бюджетинен сырткары башка булактадан келип түшкөн акча каражаттарды жана бюджеттеги өзгөрүүлөр жана толуктоолор болсо убагында сессияга билдирип сунуш берип туруу жагы Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Тагаевага милдеттендирилсин.
7. Айылдык кенештин бекитип берген бюджетинен тышкары башка булактардан келип тушкөн акча каражаты бөлуп калса өз убагында сессияга билдирип туруу жагы жайыт комитетинин торагасы Жанусак уулу Камбарбекке милдеттендирилсин.
8. Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Тагаеванын бир жылдык отчету канааттандырарлык деп табылсын.
9. Токтомдун аткарылышын козомолдоо кеңештин бюджет комиссиясына милдеттендирилсин.
Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кеңештин төрагасы: | Р.Жакыпов |