Загрузка документа…
Ш.КЕНЖЕТАЕВ АТЫНДАГЫ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кенешинин VIII чакырылышынын VII сессиясы
2022-жылдын 15-июлу № 15
2020-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына Кыргыз Республикасынын Эсептоо палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча аймактык бөлунүшүнун аудиттин жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептоо палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча аймактык бөлунүшүнун 2022-жылдын 27-июнундагы №02-3\245 буйругунун негизинде 2020-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудиттин жыйынтыгы боюнча угуп жана талкуулап сессия
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Аудиттин жыйынтыгы менен көрсөтүлгон кемчилдиктер убагында жоюлсун.Убагында төлөнбөй калган подоход налогу жана соц. чегерүүлөр которулсун жана ашыкча төлөнгөн сапар чыгымдары ордуна коюлсун документтери тиркелсин.
2. Жогоруда көрсөтулгөн кемчилдиктерди кайталабоо жагы айыл өкмөттун ФЭБ башчысы Г.Тагаевага түшүндүрүлдү. Жана бюджет комиссиясы менен бирдикте иш алып баруулары дайындалсын.
Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кеңештин төрагасы: | Р.Жакыпов |