Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2021-жылдын 3-декабры № 65
Жер тилкесин трансформациялоого макулдук берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Чон-Сары-Ой айыл аймагынын инвестициялык-экономикалык кɵрсɵткүчтɵрүн артыруу жана жерлерди эффективдүү пайдалануу максатында Ɵрнɵк айылында жайгашкан токой чарбасына тиешелүү 8 га “Токой фондусунун жерлери” категориясынан “Ɵзгɵчɵ корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясына которууга Джумашов Азамат Мэлисовичтин 18.10.2021-жылдагы кайрылуусун Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу Республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын 07.10.2021-жылдагы № 01-13/736 корутундусу, Ысык-Кɵл областынын Тон Токой чарбасынын 01.10.2020-жылдагы № 183 каты, Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ысык-Кɵл филиалынын 15.09.2021-жылдагы № 523 каты, Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги шаар курулуш жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун курорттук-рекреациялык жана туристик комплекстер боюнча Ысык-Кɵлдɵгү филиалынын 08.06.32021-жылдагы № КА-1/113 каты, Токой чарба мамлекеттик агентиги Балыкчы токой чарбасынын 23.06.2021-жылдагы № 01-3/168 каты, Ысык-Кɵл районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 21.09.2021-жылдагы № 01-15/1204 катынын жана Чон-Сары-Ой айылдык Кенештин “Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча” туруктуу комитетинин 26.10.2021-жылдагы №2 протоколунун, Ɵрнɵк айылынын 05.11.2021-жылдагы элдик жыйынынын протоколунун негизинде, карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ɵрнɵк айылында жайгашкан токой чарбасына тиешелүү 8 га “Токой фондусунун жерлери” категориясынан “Ɵзгɵчɵ корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ɵрнɵк айылында жайгашкан токой чарбасына тиешелүү 8 га “Токой фондусунун жерлери” категориясынан “Ɵзгɵчɵ корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясына которуу жагы Ысык-Кɵл райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын
3.Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
4. Токтомду кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин “Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча” туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага | Т.Туйгунов |