Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
2022-жылдын 29-апрели №7-1
“Мүрөк-Суу” суу пайдалануучулар ассоциациясынын ишмердүүлүгү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн “Мүрөк-Суу” суу пайдалануучулар ассоциациясынын (СПА) жетекчиси С. Нурлановдун 2021-жыл ичинде аткарылган жумуштары жана 2022-жылда аткарыла турган жумуштарын жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасын угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Туу айыл аймагындагы “Мүрөк-Суу” суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2022-жыл үчун киреше жана чыгашалары 1 901 076 (Бир миллион тогуз жүз бир миң жетимиш алты) сом акча каражаты бекитилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы “Мүрөк-Суу” СПАсынын жетекчиси С. Нурлановго милдеттендирилсин.
3.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |