Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
2022-жылдын 29-апрели №7-2
“Айыл аймактагы агын суу төлөмдөрүнүн тарифтер” жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн “Мүрөк-Суу” суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2022-жылдын “26” апрелинин протоколуна таянып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын негиздеп, айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасын угуп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кызыл-Туу айыл аймактагы дан өсүмдүктөрүн, жашылча, жер жемиштери эгилүүчү жер аянтарынын сууга болгон төлөмүнүн жылдык тарифтери берилген сунуштамага ылайык төмөнкүдөй бекитилсин:
1 га арпа 800 сом
1 га буудай 800 сом
1 га пахта 800 сом
1 га жугөрү 800 сом
1 га беде 1000 сом
1 га пияз 1700 сом
1 га жашылча 1700 сом
1 га шалы үлуш жер 2000 сом
1 га шалы мамлекеттик фонддун жери 3500 сом
0,01 га бак дарак 20 сом
2.Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы “Мүрөк-Суу” СПАсынын жетекчиси С. Нурлановго жана көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |