Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
2022-жылдын 29-апрели №7-3
“Айыл аймактагы жаңгак токой тилкелеринин ижарасы ” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиясынын отурумунун 2022-жылдагы 26-апрелиндеги протоколунун негизинде, айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасын угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Туу айыл аймактагы жаңак токой аянттарын жылына ижарага берүү 1 гектарына 1000 (Бир миң) сомдон өлчөмү бекитилсин.
2.Мыйзам чегинде жаңак токойлорунун аянттарын тактоо, ижарага берүү жагы айыл өкмөт башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин.
3.Токтомду ишке ашыруулусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |