Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
2022-жылдын 29-апрели №7-5
“Айыл аймактагы Көк-Арт дарыясында жайгашкан кум-шагыл аралашмасын алуучу жер тилкелерин ижарага берүү ” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиясынын 2022-жылдын 26-апрелиндеги отурумунун протоколунун негизинде, айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасын угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Туу айыл аймактын аймагындагы Көк-Арт дарыясында жайгашкан кум шагыл аралашмасын алуучу аянттарды жылына ижарага берүү 1 гектарына 10000 (Он миң) сомдон өлчөмү бекитилсин.
2.Ижарага берилген жер аянттарынын ар бир гектар эсебинен жыл сайын Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн айылдарынын социалдык маселелерин чечүү үчүн ички жолдоруна 10 (Он) машина камаз кум-шагыл аралашмасын төгүп берүү милдеттендирилет.
3.Мыйзам чегинде аянттарын тактоо, ижарага берүү жагы айыл өкмөт башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин.
4.Токтомду ишке ашыруулусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |