Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
2022-жылдын 29-апрели №7-6
“04-февраль.2022-жылдагы №6-10 токтомуна өзгөртүү киргизүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин регламентин негиздеп, Жалал-Абад областык прокуратурасынын 2022-жылдын 19-апрелиндеги №22/172-00-04/1-7-0058 сунуштамасын жетекчиликке алып, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жеке ишкер Урматбек Кадыркуловго кирпич чыгаруучу завод курууга 5,0 гектар жер берүү үчүн 04-февраль 2022-жылдагы №6-10 токтому жокко чыгарылсын.
2.Көк-Арт дарыясынын күн батыш тарабынан (МХО участкасы) пайдаланылбай жаткан 5,0 гектар жер аянтын ижарага берүүгө мыйзам чегинде жерди тактап, иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Омурзаковго милдеттендирилсин.
3.Токтомду ишке ашыруулусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |