Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
2022-жылдын 29-апрели №7-1
“Орто-Азия айылынын тургуну Д. Жунусалиевдин кайрылуусу ” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиясынын 2022-жылдын 16-февралындагы отурумунун протоколунун негизинде, Орто-Азия айылынын тургуну Д. Жунусалиевдин Көк-Арт дарыясынын күн чыгыш тарабынан пайдаланылбай жаткан жер аянтын өздөштүрүүгө сурап кайрылган арызын канааттандырган протоколун жер адиси М. Омуралиевдин баяндамасында угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Орто-Азия айылынын тургуну Жунусалиев Давранбек Кадыралиевичке Көк-Арт дарыясынын кун чыгыш тарабынан (Орто-Сай участкасы) 2,0 га жер аянтын жашылдандыруу боюнча жазган арызы канааттандырылсын.
2.Мыйзам чегинде жерди тактап, иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы жер адиси М.Омуралиевге, арыз ээси Д. Жунусалиевге милдеттендирилсин.
3.Токтомду ишке ашыруулусун көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М. Омурзаковго жана айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |