Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
2022-жылдын 29-апрели №7-8
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 29-апрель 2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жаш өспүрүмдөргө татыктуу билим тарбия берүүдө жана саламаттыкты сактоо тармагында зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
· Мусаева Уулкан-Сузак райондук төрөт бөлүмүнүн акушеркасы;
· Стамова Асылгуль-Э. Төрөбаев атындагы орто мектебинин химия мугалими жана социалдык педагогу;
· Кыдыкеева Гулсарахан- О. Муратов атындагы орто мектебинин чет тили мугалими жана социалдык педагогу;
· Болушева Чолпонай-Ы.Чанаков атындагы орто мектебинин математика мугалими;
· Баймуратова Бактыгул-Х. Кенжаев атындагы орто мектебинин директору, айылдык кеңештин депутаты;
· Аданова Бүсайра-Э. Төрөбаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
· Бегимкулов Сартбай -Ак-Терек айылынын тургуну, жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустун айдоочусу;
· Карабеков Алманбек -Кыргыз Республикасынын ӨКМ ардагери, полковник;
· Жаниев Мухаматали -Кыргыз Республикасынын КК ардагери, полковник;
· Жээнбеков Нематила -Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы;
· Кадыркулов Урматбек-жеке ишкер, Орто-Азия айылынын тургуну
· Чойбекова Жылдызкан-айылдык кеңештин жооптуу катчысы;
· Төрөбекова Чолпонай-айылдык кеңештин депутаты;
· Сеитов Медербек-айылдык кеңештин депутаты;
· Кыдыралиев Мирланбек-айылдык кеңештин депутаты;
2. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |