Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы
2022-жылдын 29-апрели № 7-9
“Таштак айылындагы куран жаттоо кыздар диний окуу борборунун аталышын өзгөртүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Таштак айылындагы куран жаттоо кыздар диний уюмунун мүдүрү Г.Каримованын кайрылган арызынын негизинде, айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана этика комиссиясынын төрагасынын баяндамасын угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Таштак айылындагы А. Таңатаров 39а дарегинде жайгашкан “Мухаммад Сыддык Балту” куран жаттоо кыздар диний окуу борборунун аталышын “Келечек Умма” аталышындагы диний уюм деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Мыйзам чегинде иш кагаздарын тиешелүү мекеме-уюмдардан даярдоо жагы аталган уюмдун мүдүрү Г. Каримовага жүктөлсүн.
3.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |