Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 23-декабры № 12-1
“Сузак районунун Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04-февраль 2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Экономика, айыл чарба, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында үзүрлүү эмгектенген төмөнкү жарандар “Сузак районунун Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын:
- Борбуев Эгенберди Ажиманович-Шатрак айылынын тургуну, ветеринардык врач
- Токонов Тынычбек-Шатрак айылынын тургуну, А.Матиев атындагы орто мектебинин химия мугалими, билим берүү тармагынын ардагери
2. Жогорудагы жарандарды Сузак райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Джороев |