Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 23-декабры № 12-2
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу наамын ” ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04-февраль 2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жаш өспүрүмдөргө татыктуу билим тарбия берүүдө зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
· Эрмекбаева Бермет-№94 Б. Калымбетов атындагы орто мектебинин китепканачысы;
· Халмурзаева Абида-№30 Х. Кенжаев атындагы орто мектебинин китепканачысы;
· Мурзакматова Райкан-Кызыл-Сенир айылындагы “Достук” балдар бакчасынын кароолчусу;
· Жокобаева Санархан-К. Эрматов атындагы лицей-жатак мектебинин тарбиячысы;
· Жаниев Каныбек-№86 О. Муратов атындагы орто мектебинин тарых мугалими жана социалдык педагогу;
· Сыргабаев Жумалы-Таштак айылынын тургуну, жеке демөөрчү;
· Сатывалдиева Жамила-Кызыл-Сенир айылынын тургуну, билим берүү тармагынын ардагери;
· Абдраимов Таалайбек-Алмалуу-Булак айылынын тургуну, “Бастион”кузөт детективдик агентствонун жетекчиси
· Омуралиев Мирбек-Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
2. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Джороев |