Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 23-декабры № 12-7
“Ак-Баш айылындагы жер аянтын трасформациялоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жерге жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карашту Жер ресурстары боюнча мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын корунтундуларына ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/733 22-декабрь 2022-жылдагы кайрылуу катынын негизинде, айылдык кеңештин айыл чарба туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сенир жана Ак-Баш айылдарынын ортосунда жайгашкан 3,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы курулуш алдындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуш жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Джороев |